Шаардык сот Равшан Жээнбековду, Бектур Асановду камакта калтырды
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун, Бектур Асановдун баш коргоо чарасы каралды.
Аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Муну бөлүшүү