Путин ок атышууну токтотуу идеясын колдой турганын, бирок талкуулачу маселелер бар экенин айтты

  • 1 месяц мурун

Россиянын президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу демилгесине макул экенин билдирди. Бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жана кризистин баштапкы себебин жоюуга алып келиши керектигин жана талкуулай турган маселе бар экенин айтты.  

Путиндин Александр Лукашенко менен Москвадагы жолугушуусунда айтылган, АКШнын президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугушуу алдында болгон сүйлөшүүлөрдүн болжолдуу мааниси мындай:  

-Жидда шаарында жарашууну АКШ демилгеледи, муну Украина өзү каалашы керек эле. Биз ок атышууну токтотууну колдойбуз, бирок нюанстар бар.  Биз Курскидеги Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлдө турган боюнча калышына не дейбиз? Россия армиясы чабуул коюп жаткан эки тарапка чектеш тилкелер маселеси кандай чечилет? Украина жарашууга берилчү 30 күндү кандай пайдаланат?  Мобилизацияны улантып, курал топтойбу? Андай болбосо, ал нерселер болбойт деп ким көзөмөлдөйт? Ок атышууну токтотуу режими бузулуп жаткандыгын ким аныктайт? Бул жерде тер агызган иликтөө керек. Ок атышууну токтотуу идеясы туура, биз аны колдойбуз, бирок талкуулай турган маселелер бар,-деди.   

 Сауд Аравиясындагы Украина-АКШ жолугушуусунан кийин Украина АКШнын 30 күнгө ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алды.

Сауд Аравиясынын  Жидда шаарында АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн жолугушуусу айтылган жана жолугушуу болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты