Сауд Аравиясында АКШ жана Украина делегацияларынын жолугушуусу күтүлүүдө

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-мартта, Сауд Аравиясынын Жидда шаарында АКШ жана Украина делегацияларынын жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө.

 Reuters жана The Guardian Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушуу өтүүчү Жидда шаарына барганын билдирди. Зеленский Сауд Аравиясынын премьер-министри Мухаммад бин Салман  менен жолугушат. Мухаммад бин Салман 18-февралда Эр-Рияд шаарында өткөн АКШ жана Россия жолугушууларында ортомчу катары катышкан.

Күтүлгөн жолугушууга Украинанын президенти Владимир Зеленский катышпай турганы айтылган. Украина делегациясын президенттин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак жетектейт. Украина тараптан Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров, президенттин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Павел Палиса катышмакчы.   

Америка делегациясына АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШнын президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча катчысы Майк Уолтц катышаары күтүлүүдө.

Financial Times басылмасынын билдирүүсү боюнча, Жидда шаарында Украина делегациясы АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Россия менен жарым-жартылай ок атууну  токтотууну сунуштоону пландоодо.  Учкучсуз учактар, алыска атуучу ракета жана Кара деңиздеги ок атышуу аракеттерине тыюу салууну көздөйт.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Вашингтон сүйлөшүүлөр учурунда Украина согушту токтотуу үчүн территориялык жактан макулдуктарга барууга даяр экендигин аныктоо аракетин көрөт.

Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнө катыша турган АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф Вашингтон Украинанын кен байлыктары боюнча макулдашуунун илгерилешин күтүшөрүн билдирген. Анын айтымында, тараптар “коопсуздук протоколдорун” жана украиналыктар үчүн “территориялык маселени” талкуулашат.

18-февралда АКШнын жана Россиянын расмий адамдары Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында төрт сааттан ашык убакыт сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөр биринчи жолу Украинадагы согушту токтотуу тууралуу болду. Сүйлөшүүгө Киев жана Европа өлкөлөрү сырттан байкоо салып турду. Ал эми Москва жаңы, маанилүү талап койгону айтылды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты