Украина 30 күнгө ок атышууну токтотуу боюнча АКШнын сунушун кабыл алды
- 1 месяц мурун
Сауд Аравиясындагы Украина-АКШ жолугушуусунан кийин Украина АКШнын 30 күнгө ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алды.
Бул тууралуу Сауд Аравиясындагы АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча Украинанын президентинин сайтында маалымат берилди.
Эгер Россия бул сунушту кабыл алса, согуш андан дагы узагыраак убакытка токтотулмакчы.
АКШ ошондой эле Украинага аскердик жардам берүүнү улантып, чалгын материалдарын да бөлүшмөкчү.
Сауд Аравиясынын Жидда шаарында АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн жолугушуусу айтылган жана жолугушуу болду.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү