Путин Алиев менен жолугушууда Азербайжан учагынын кулашына Россия ракетасы себепчи болгонун айтты
- 1 месяц мурун
Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстанга сапар менен барып, сапардан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен ал жакта жолугушту.
Россия менен Азербайжандын ортосундагы мамиле “Азербайжан авиа жолдорунун” (AZAL) учагы 2024-жылдын декабрь айында Казакстандын Актау шаарында кулагандан кийин солгундаган. Учактын кулашына россиялык Абадан коргонуу күчтөрүнүн ракетасы жакын жерде жарылып, адамдардын өлүмүнө алып келгендиги айтылды.
Владимир Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, бул оор кайгы, аны иликтеп талдап чыгыш үчүн убакыт керек болгонун билдирди.
Владимир Путин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен 9-октябрда Тажикстанда жолугушууда учак Россиянын абадан коргонуу системасынын айынан кулаганын мойнуна алды.
Кырсык болгон күнү Россия украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарып жаткан. Учактын кулашына абадан коргонуу системасынын техникалык жактан бузулушу себеп болуп, кое берилген эки ракета учакты түз аткылаган эмес, ал учактан ондогон метр жакта жарылып кеткен. Учакка ошол эки ракета жарылгандан кийинки сыныктары тийген болушу керек. Россия мындай учурда кенемте төлөп бермекчи жана жетекчилерге укуктук баа берилерин айтты.
Путин менен Алиевдин жолугушуусунан кийин Sputnik Азербайжан редакциясынын башчысы Игорь Картавых бошотулган, ал эми Россия Сатира театрынын мурдагы директору Мамедалы Агаевди бошоткон. Аларды эки мамлекеттин мамилеси солгундап кеткен тушта 2025-жылдын жай айларында камашкан.
25-декабрда Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчүлөр учагы кулаган. Маалым болгондой учакта 5 экипаж мүчөсү, 6 Казакстандын, 37 Азербайжандын, 16 Орусиянын, 3 Кыргызстандын жараны, бардыгы 67 жаран болгон. Алардын 38и каза тапты. Учактын ичиндеги кыргызстандык үч жаран аман калды.
Euronews Азербайжандын өкмөтүндөгү аты аталбаган булакка шилтеме берип, 38 адамдын өмүрүн алган жүргүнчүлөр учагынын кыйрашына орусиялык ракета себеп болгону жазып чыкты.
Сүрөт: РИА Новости / Григорий Сысоев




