Прокуратура: Министр түзгөн пайдасыз келишим казынага 55 млн. сом зыян келтирген

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги айрым кызмат адамдары менен бирге өз кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөндүгү аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 08-июлунда “M.V.ch” Бахрейн компаниясы жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда аталган министрликте дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз негизде кызмат көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Бирок, ага карабастан саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен бирге тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын TC. I. T. компаниясы менен келишим түзүп, 54 млн. 836 миң 316 сом которгон.

Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоорду мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн.

Натыйжада, мамлекетке 54 млн. 836 миң 316 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренелери (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев убактылуу кызматынан четтетилди. Мындай тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.

Тескемеге ылайык, бул чечим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу экени белгиленди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты