Ажиев абактан тик учак менен учуп баратканда, артка кайтарылган. Президенттин маеги
- 2 месяца мурун
- Баяндар
Бүгүн, 6-мартта, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде вебкам иши менен соттолуп, ырайым алган Даниэл Ажиевдин абактан тик учак менен чыккандыгы тууралуу суроого жооп берди.
-Ооба, туура. Ырайым берип бошотконбуз. Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. “Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем.
Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук.Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз,-деди президент Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы тик учак менен учууга уруксат берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптоонун кереги жок экенин айтты.
-Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет.
Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт. Ошондуктан министрликти күнөөлөштүн кереги жок. Эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсеңер болот.
Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп.
Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи,- деди Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Вебкам студияларын иштетүү боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниэл Ажиевге 18-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген. Ошол күнү Ажиев абактан тик учагы менен чыгып кеткен деген видео Интернетке тараган.
Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Азаттыкка» тастыктаган, тик учакты ижарага алууга Ажиев 268 миң сом төлөгөн.
Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиевге эки жума турда ырайым берилип, абактан чыгарылган.
Ажиев Вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражатты легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн, анын мүлктөрү мамлекетке өткөн.
Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөп жаткан.
Даниэл Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, ага издөө жарыяланган. жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалды.
Өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекетке кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
УКМК тарабынан Даниэл Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүдө ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.
Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Даниэл Ажиев тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан.
Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ




