Электр зымы жана күрөк менен урган. Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү кармалды
- 1 месяц мурун
3-августта Токмок шаарынын тургуну З.Р. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, жарандык жолдошу Ч.Ч. акыркы үч жыл аралыгында өзүнө жана жашы жете элек эки баласына зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирген.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Бул факты Токмок шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин көрсөтмөсү алынып, анда жарандык жолдошу өзүн жана балдарын электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендиги көрсөтүлгөн.
Окуя боюнча арыздануучуга жана анын эки жаш баласына соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Токмок милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, 1988-жылы туулган Ч.Ч. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: Чүй облустук ИИББ




