Токмокто жаштардын мушташы боюнча беш балага чара көрүлдү
- 1 месяц мурун
1-июлда саат 01:22 чамасында Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан «Нарын шаурма» тез татым жайынын жанында жаштардын мушташы тартылган видео аныкталган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.
Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге милициянын кайгуул жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Ыкчам көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуяга катыштыгы бар беш жаран аныкталып, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө (ИИБ) жеткирилген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын катышуучулары бири-бирине доо-арызы жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан.
Ошол эле учурда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн окуяга катышкан беш жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




