Вебкам иши боюнча ырайым менен абактан чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалды
- 1 месяц мурун
Вебкам иши боюнча президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниэл Ажиев кайра кармалды. ЖМКнын өздүк булактарынын маалыматын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Азырынча расмий маалымат бериле элек. Ажиев Токмок шаары тараптан кармалган.
Ырайым берилгенден кийин Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыкканы коомчулукта талкууга алынган. Бүгүн, 6-мартта, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде вебкам иши менен соттолуп, ырайым алган Даниэл Ажиевдин абактан тик учак менен чыккандыгы тууралуу суроого жооп берди.
-Ырайым берип бошотконбуз. Мага Ажиевдин апасы кайрылган. Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. “Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз,-деди президент Жапаров.
Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп.
Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи,- деди Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Вебкам студияларын иштетүү боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниэл Ажиевге 18-февралда президент Садыр Жапаров тарабынан ырайым берилген. Ошол күнү Ажиев абактан тик учагы менен чыгып кеткен деген видео Интернетке тараган. Тик учакты ижарага алууга Ажиев 268 миң сом төлөгөн.
Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиевге эки жума турда ырайым берилип, абактан чыгарылган.
Ажиев Вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражатты легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн, анын мүлктөрү мамлекетке өткөн.
Биринчи май райондук соту тарабынан Даниэл Ажиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөп жаткан.
Өлкө мыйзамдарына каршы келген вебкам студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Даниэл Ажиевдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекетке кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.
Сүрөттө: Даниэл Ажиев. Интернет булактарынан




