Президент Жапаров Жер кодексин каршы пикири менен кайтарды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов социалдык тармактарда билдирди.
Мамлекет башчы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик колтийгис экендиги менен түшүндүрөт.
Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди.
Бул Кыргызстандын Конституциясында каралган.
Ошондой эле, Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 13-февралында кабыл алынган Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол коюуда Президент Садыр Жапаров тарабынан төмөнкү учурлар эске алынды:
– жер пайдалануучу тарабынан республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражаттарын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу жер участогу алынып коюлганда, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине карама-каршы келет;
- жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана «калыбына келтирүү наркы» термини аныкталбаганда;
- мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;
– мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келет;
– муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);
– темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”);
– ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгүндө, бул жоболор Граждандык кодексинин ченемдерине каршы келет,-деп айтылат президент Садыр Жапаровдун каршы пикиринде.
13-февралда, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган.
Мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттар менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.
Бишкекте, Максим Горький атындагы сейилбакта жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор чогулуп, менчиктин кол тийбестиги сакталышын талап кылышты. Акцияга 30 дай адам катышты.
20-февралда Бишкекте Жаңы жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы кол топтоолор жүрүп, президентке кайрылуу даярдалган. Чогулгандар президент Садыр Жапаровду аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырып, кайрылуу кабыл алышты. Эгер Жер мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынса, жеке менчикке болгон укук корголбой каларын билдиришти.
Сүрөт: Каршылык акциясы. Интернет булактарынан




