Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор Бишкекте акцияга чыгышты

  • 1 год мурун

Бишкекте, Максим Горький атындагы сейилбакта жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор чогулуп, менчиктин кол тийбестиги сакталышын талап кылышты.

Акцияга 30 дай адам катышты.

20-февралда Бишкекте Жаңы жер кодекси тууралуу мыйзам долбооруна каршы кол топтоолор жүрүп, президентке кайрылуу даярдалган. Чогулгандар президент Садыр Жапаровду аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырып, кайрылуу кабыл алышты. Эгер Жер мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынса, жеке менчикке болгон укук корголбой каларын билдиришти.

13-февралда, Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы Жер кодекси тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган.

Мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттар менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.

Мыйзам долбоорун кабыл алууда депутаттар арасында талаш-тартыштар орун алды. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо тартибине кайрылууну сунуштады.

Вице-спикер Нурланбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун четке какты.

Талаш-тартыштардан кийин, “Жер кодексинин” долбоору добушка коюлуп, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Сүрөт: 1-апрель, 2025-жыл. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты