Талкуудагы талаш-тартыш. Парламентте «Жер кодексинин» долбоору кабыл алынды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 13-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Жер кодексинин” долбоору 3-окууда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды. 

Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери, жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган. Мыйзам менен дачаларга айыл статусу ыйгарылмакчы.

Мыйзам долбоорун кабыл алууда депутаттар арасында талаш-тартыштар орун алды. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо тартибине кайрылууну сунуштады.   Вице-спикер Нурланбек Сыдыгалиев Дастан Бекешевдин мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун четке какты. Депутат Эльдар Абакиров вице-спикер экинчи окууга кайтаруу сунушун добушка койбосо, депутаттарга мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарып, каршы добуш берүүнү сунуштады. Депутат Гуля Кожокулова дача ээлеринин баары эле дачалардын айыл статусуна өтүшүнө макул эместигин, чиновниктер эл менен иштеши керек экенин белгиледи.

Талаш-тартыштардан кийин, “Жер кодексинин” долбоору добушка коюлуп, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты