Президент Жапаров: Жамгырчиев “Салимбай байбачага” жолугуп, эки досту жок кылууга жардам бер дегени боюнча кабарым бар  

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Эмил Жамгырчиев тууралуу суроого да жооп берди.

Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, “Салимбай байбача” аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайын кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун,-деди президент Садыр Жапаров.

Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу Жогорку Кеңештин 17-январда өтчү жыйынында маалымат берерин билдирди. Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы Салим Абдувалиевге жазылган кат тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

«Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот» деди Жамгырчиев.

10-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокуратурага депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүгө макулдугун берген.

Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда Салимбай Абдувалиев аттуу криминалдык төбөлгө кат жазганын билдирди. Салимбай Абдувалиевге «Камчыбек Кыдыршаевич 180 миң доллар» доолады дептир. Мунун атасына бирөөлөр барып «Камчыбек Кадыршаевич сурап жатат деп, атасынан 180 миң доллар алып алышыптыр. Кайсы бир маалды шайлоодо биздин тегерегибизде жүргөн. Ал акчалар атасына кайтарылып берилген» деди Ташиев.

Жамгырчиевге Өзбекстанда эки кылмыш иши, бири алдамчылык менен козголгон деди Ташиев.

Салимбай Абдувалиев «Салимбай байбача» каймана аты менен белгилүү, Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги айтылды.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Эки жума мурун Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлгөн. 

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айткан. 

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды. Депутат Нилуфар Алимжанова муну 10-январда Жогорку Кеңеште тастыктаган.

Сүрөттө: Эмил Жамгырчиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты