Ташиев депутат Жамгырчиев Өзбекстанда «Салимбай байбача» аттуу кримтөбөлгө жардам сурап кайрылганын билдирди

  • 4 месяца мурун

Камчыбек Ташиев чек араны мыйзамсыз кесип өтүү бул оор кылмышка кирбестигин, бул боюнча жарандар камалбай турганын айтты. «Чек араны мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча эч ким камалбайт» деди УКМК төрагасы Ташиев.

Эмил Жамгырчиев Өзбекстанда Салимбай Абдувалиев аттуу криминалдык төбөлгө кат жазганын билдирди. Салимбай Абудвалиевге «Камчыбек Кыдыршаевич 180 миң доллар» доолады дептир. Мунун атасына бирөөлөр барып «Камчыбек Кадыршаевич сурап жатат деп, атасынан 180 миң доллар алып алышыптыр. Кайсы бир маалды шайлоодо биздин тегерегибизде жүргөн. Ал акчалар атасына кайтарылып берилген» деди Ташиев.

Жамгырчиевге Өзбекстанда эки кылмыш иши, бири алдамчылык менен козголгон деди Ташиев.

Салимбай Абдувалиев «Салимбай байбача» каймана аты менен белгилүү, Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги айтылды.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айтты.  

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты