Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады

  • 4 месяца мурун

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлдү.

Жамчырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлдү.

Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирди.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты