Президент Жапаров Донбасстагы жагдай боюнча пикирин билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында Донбасстагы жагдай тууралуу пикирин билдирди.

-Ураинанын чыгышындагы абалдын өнүгүшүн терең тынчсыздануу менен байкоодомун.  Мага абал боюнча, анын ичинде Донбасстагы жагдай тууралуу кабарлап жатышат.

Кыргыз Республикасы ар дайым БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колдоосун алган, жаңжалды жөнгө салуунун жалгыз документи болгон Минск келишимдерин сактоо керек экенине басым жасайт.

Тилекке каршы, ал келишимдердин аткарылбай калышы азыркы жеңил эмес жагдайга туш кылды.

Азыркы абалда адам өмүрүн алган окуялардын алдын-алуу үчүн тынчтык, дипломатиялык жол менен  жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү керектигине ынанам. Анткени жер жүзүндө баарынан адам өмүрү кымбат.

Абалды жөнгө салууда жаңжал курчуп кетпеш үчүн акыл калчап жана сабырдуулук көрсөтүүгө чакырам. Балким бул россиялык жарандар көп жашаган Донбасс аймагынын тынч жаткан калкын коргоо үчүн жасалган аргасыз чара болгондур. Ал эми тигил же бул мамлекеттин эгемендигин таануу ар бир мамлекеттин эгемен укугу экенин белгилей кетейин, -деди Садыр Жапаров.

и Са

 21-февралда Орусия Президенти Владимир Путин орусиялыктарга видеокайрылуу жасап, Украинанын чыгышындагы жикчилдердин аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялады.

Мындан соң телеканалдардан “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” көз карандысыз мамлекеттер катары таануу, мындан тышкары достук жана кызматташтык келишимдери жөнүндө жарлыктар көрсөтүлдү.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 22-февралдагы отурумунда Президент Владимир Путиндин Украинанын чыгышында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдү мамлекет катары таануу чечимин бекитти.

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын чыгышындагы «Луганск Элдик Республикасы» (ЛЭР) жана «Донецк Элдик Республикасы» (ДЭР) деп аталган жикчил аймактарга санкцияларды киргизди. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты