Мамлекеттик Дума Путиндин Донецк жана Луганск «республикаларын» таануу чечимин колдоду

  • 2 года мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 22-февралдагы отурумунда президент Владимир Путиндин Украинанын чыгышында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдү мамлекет катары таануу чечимин бекитти.

Депуттар бул чечимди дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Жыйында ЛДПР партиясынын депутаты убактылуу оккупация болгон аймактарды эле эмес, “бүтүндөй Украинанын аймагын Орусияга кайтаруу” чакырыгын таштады. “Справедливая Россия” партиясынын башчысы Сергей Миронов “ДЭР” менен “ЛЭР” түзүмдөрүн таануу “9-май күнкү жеңиш жана Крымды Орусияга кайтаруу күнү сыяктуу эле эсте кала турган күн болуп каларын” белгиледи.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинынан тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Артынан эле аталган аймактарды өз алдынча мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка, жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койгон. Парламенттен бул келишимдерди ратификациялоону өтүнгөн.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин Украинанын суверенитетин бузуу катары баалады. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты