АКШ Луганск жана Донецк жикчил түзүмдөрүнө санкция салды

  • 2 года мурун

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын чыгышындагы «Луганск Элдик Республикасы» (ЛЭР) жана «Донецк Элдик Республикасы» (ДЭР) деп аталган жикчил аймактарга санкцияларды киргизди. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, АКШ жарандарына «ДЭР» менен «ЛЭРдин» экономикасына инвестиция салууга болбойт. Мындан тышкары аталган аймактарга АКШдан товарлар менен технологияларды экспорттоого жана ал аймактардан импорттоого тыюу салынат. Ошондой эле президенттин жарлыгы «ДЭР» менен «ЛЭРдин» аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүнү каалаган адамдарга санкция салууга мүмкүндүк берет.

«Аталган аймактарга байланышы бар адамдарды АКШдагы же кийин АКШнын аймагында пайда боло турган бардык мүлктөрү менен акциялары камакка алынат», — деп жазылган жарлыкта.

Мындан тышкары анда Украинанын аймагы болуп эсептелген «ДЭР» менен «ЛЭРдин» Орусия тараптан өз алдынча өлкө катары таанылышы Москванын Минск келишимдери боюнча милдеттенмелерине каршы келери жана Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана андагы туруктулуук менен тынчтыкка коркунуч жаратары белгиленген.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасы» деп атап алган эки аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, анын артынан эле атайын жарлыкка кол койгон. Андан кийин аларды түзгөн жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерди кабыл алган.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Буга чейин Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын «Донецк Элдик Республикасы» жана «Луганск Элдик Республикасы» деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Донецк көмүр бассейни — Донбасста жайгашкан эки аймактын көз карандысыздыгын эч ким тааныган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты