Президент парламентке шайлоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты
- 3 недели мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Президентке шайлоо жабдууларынын иштөө принциптерин жана аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп берди.
Президент Борбордук шайлоо комиссиясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бардык шайлоо участкаларынын, анын ичинде аралыктан добуш берүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоону кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 30-октябрда, республикадагы бардык шайлоо участокторунда кезектеги тесттик аралыктан добуш берүүнү өткөрөрүн билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрт: president.kg




