Президент чек ара маселесин талкуулаган ЖК жыйынына катышат

  • 2 года мурун

Эртең, 17-ноябрда, Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

«Парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө» деди Султанбаев.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат — Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишкен. Жыйынга жети депутат катышып добуш берди. Адахан Мадумаров комитетте кворум болбогонун, мыйзам долбоору өтүш үчүн кеминде сегиз депутат жыйынга катышышы керектигин айтты. Тармактык комитеттин юридикалык бөлүмү баары мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты