Парламент комитетинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралуу жаңы мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов маалымат берип, эксперттердин, журналисттердин сын-пикирлери экинчи окууда эске алынарын билдирди. Ошондой эле журналисттерди бийлик органдарында аккредитациялоо пункттарын да мыйзам долбоорунан алып салууга даяр экендиктерин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Камила Талиева мыйзам долбоору тууралуу түрдүү пикирлер жаралып, кемчиликтер сынга алынып жатканын белгилеп, парламенттик угуу өткөрүлүшү керектигин сунуштады.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев министр өз баяндамасында бир нече жолу веб-сайт маселесин көтөрүп, мыйзам долбоорунун 3, 9, 10, 29-беренелерине өзгөчө көңүл бурганын айтып, буга тиешелүү өзүнүн сунуштарын берерин маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү токтотулган учурлар боюнча суроолорду узатып, ЖМКларды аккредиттөө жана мамлекеттик каттоо маселесин ортого салды.

Андан тышкары, депутат Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, ЖМК өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароодо маалыматтын жайылып кетишине жол берген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жоопкерчилигине да укуктук баа берүү зарыл. Ал ошондой эле мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жараксыз деп табуу механизмдери боюнча маселени көтөрүп, мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо боюнча ченемдерди так жазууну сунуштады.

13-февралда парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору каралган жана кайра иштеп чыгууга кайтарылган.

Мыйзам долбооруна комитеттин жыйынга катышкан алты мүчөсү добуш берип, үчөө «макул», үчөө «каршы» болду.

Ал талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзамды чийки деп сындап, өлкөдө сөз эркиндигине доо кетире турганын айтты. Ал эми депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керектигин билдирген.

Анын алдында Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске алке алынбаганын жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгилеген.  

Буга чейин ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты