Жогорку Кеңештин комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору өтпөй калды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 13-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна комитеттин жыйынга катышкан алты мүчөсү добуш берип, үчөө «макул», үчөө «каршы» болду.

Депутат Гуля Кожокулова мыйзамды чийки деп сындап, өлкөдө сөз эркиндигине доо кетире турганын айтты. Ал эми депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Поличи Институту мындай негизги алешемдиктерди атаган:  

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты