Парламент Кендирбаева менен Орозовдун талапкерлигин министрлик кызматка жактырды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутаттар агартуу министри кызматына Догдургүл Кендирбаеванын, илим, жогорку билим берүү жана иннновациялар министри кызматына Бактияр Орозовдун талапкерлигин жактырды.
Буга чейин билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, агартуу министрлиги жана жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп түзүлгөнү тууралуу жарлык чыккан.
Догдуркүл Кендирбаева мурдагы кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү