Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Догдуркүл Кендирбаева мурдагы кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Агартуу министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, агартуу министрлиги жана жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп түзүлгөнү тууралуу жарлык чыккан.
Кендирбаева буга чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеп келген.
Сүрөттө: Догдуркүл Кендирбаева. kenesh.kg
Муну бөлүшүү