Агартуу министрлигин жана Жогорку билим берүү, инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлык чыкты

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик, инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду:

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды

Анда айтылгандай, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги;

Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги түзүлдү.

Кол коюлган жарлыкка ылайык президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты