Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бактияр Орозовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, агартуу министрлиги жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп түзүлгөнү тууралуу жарлык чыккан.
Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин орун басары, юстиция министрининин орун басары кызматтарында иштеген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү