Парламент депутаттыгына талапкер болууга арыз жазгандардын саны 559га жетти
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз жазгандардын саны 29-октябрга карата 559 кишиге жетти.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуу жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 30-октябрда саат 18:00гө чейин аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




