Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-майда, Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Кыргыз Республикасына кыска мөөнөттүү иш сапары менен келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Астанадагы ШКУ жыйынынан кийин Исламабадга бара жатып, Бишкекке кыска мөөнөткө токтоп өтөрү маалымдалган.

Мохаммад Исхак Дар Бишкекте Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып жаткан Пакистандын жарандарынын абалынан кабар алат. Андан тышкары Министрлер кабинетинин жана ТИМ өкүлдөрү менен жолугушат.  

20-майда Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.  

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 20-майда кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты