Министр Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту  

  • 2 месяца мурун

20-майда Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.  

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода, инвестиция, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле экономикалык дипломатияны, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу маселелерине да көңүл бурулду.  

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын, “CASA-1000” аймактар аралык энергетикалык долбоорунун  маанилүү ролун белгилешти.

Жакын арада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий, консулдук-укуктук маселелер боюнча консультацияларды уюштурууну чечишти.  

19-майда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары, Бишкектеги акыркы окуялар тууралуу тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, министр Жээнбек Кулубаев ушул жылдын 18-майында Бишкек шаарында чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Сүрөт: ТИМ

​​

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты