Отунбаева Текебаевге кол салуу президенттин аброюна доо кетиргенин билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева парламенттик шайлоо жана саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу тууралуу пикирин билдирип, муну президенттин аброюна доо кетирүү катары баалады.

Отунбаева «Азаттыкка» берген комментарийинде Текебаевге кол салууну кимдир-бирөө уюштурганын айтып, мунун саясий себеби бар экенин белгиледи. Президент Жогорку Кеңешке шайлоону таза өткөрүүгө аракет жасаганын, бирок жогорудагы окуя бетке көө жапкандай болгонун кошумчалады.

«Дүйнө таң кала турган шайлоо өткөрөбүз дегени кулагыбызда турат. Ошол шайлоонун негизинде оппозиция болобу, башка партияларбы өздөрүнүн дооматтарын айтып жаткан кезде атайын автобуста келип, «Парк отелдин» (мейманкана) ичинде отурган Текебаевди сыртка сүйрөп чыгып, урганы — акылга сыйбай турган пастык. Саясий маданиятыбызды булар ушунчалык төмөнгө түшүрүштү. Биздин саясий тарыхыбызда дүйнө жүзүнө жаңылык болуп чыгат. Кыргызстан жер карап калды».

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгону айтылган.  Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

Милиция саясатчыга кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты