Asman Airlines компаниясы Бишкек-Ош багытындагы учактагы окуяны комментарийледи
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Asman Airlines авиакомпаниясы 16-апрелдеги Бишкек-Ош багытындагы MN-15 каттамындагы окуяны комментарийледи.
“Учуп бара жаткан учурда экипаж салондогу коопсуздукту камсыздоочу системанын сигнал бергенин байкаган. Талапта белгиленгендей, учкуч тезинен чара көрүп, De Havilland Canada учагынын бийиктигин ылдыйлата баштаган. Учкуч жана борт коштоочулар регламентке ылайык, тезинен иш-аракеттерди көрүшкөн» деп айтылат билдирүүдө.
Asman Airlines компаниясы кычкылтек баллондор оң абалда болгон, медицинкалык алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттар жана аптечкалар болгонун билдирди:
“Кычкылтек берүү системасы адаттагыдай иштеген: кычкылтек баллондору аваиакомпаниянын талаптарына ылайык, оң абалда болгон. Индикаторлор адаттагы жумушчу абалды көрсөткөн. Ошондой эле бортто медициналык аптечкалар жана алгачкы жардам көрсөтүүчү каражаттар болгон. Учак жерге ийгиликтүү конгон. Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү тарабынан терс кесепеттер кездешкен эмес».
Кадимкидей эле, техникалык тейлөө талаптарына ылайык, учак кошумча текшерүү жана калыбына келтирүү жүргүзүү үчүн учуудан алынганы белгиленди.
Asman Airlines авиакомпаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн чын ыкластан кечирим сурайт:
“Мындай окуялар жүргүнчүлөрдү тынчсыздандыра турганын түшүнөбүз жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн чоң жоопкерчилигибизди сезебиз. Компания окуяны терең иликтеп мындан ары мындай окуя орун албай турган чараларды көрөт. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биздин башкы артыкчылыгыбыз бойдон кала берет, -деп билдирди “Асман Эйрлайнз” компаниясы.
Бишкек-Ош каттамы боюнча 16-апрелде саат 18:10до учкан “Асман Эйрлайнс” учагында кычкылтек жетишсиз болуп жүргүнчүлөр араң аман калышканы тууралуу социалдык тармактарда учактын жүргүнчүсү Эртуран Разаков жазды.
Маалыматка караганда, “Асман Эйрлайнс” учагы 16-апрелде саат 18:10до Бишкектен Ош шаарына учкан. Ош шаарына жетээрде кычкылтектин жетишсиздиги байкалып, кымгуут башталган. Учакта 20-25 жүргүнчү бар экени айтылат, алардын арасында төрт наристе бала, улгайып калган жүргүнчүлөр болгон. Дем жетпей, чоңдор шок абалына түшкөн, балдар эсинен танган. Салондо болгону төрт гана кычкылтек баллону болгон, алардын бирөө иштебей, кычкылтек жетишсиз болгону айтылат.
Asman Airlines компаниясы бул окуя боюнча кызматтык териштирүү, иликтөө жүргүзүп жаткандыгын маалымдаган.
“Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, учаар алдында бардык учактардын техникалык абалы текшерилип, мүчүлүштүгү болсо, учууга уруксат берилбейт.
Окуянын чоо-жайы жана себеби иликтөөдөн кийин белгилүү болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




