Ошто адам өлтүрүүгө шектүү дагы бир жаран кармалды

  • 1 год мурун

Ош шаарында адам өлтүрүүгө жана дагы бир адамдын денесине оор залакат келтирүүгө  шектүү дагы бир жаран Ош облусунан кармалды.

Бул тууралуу тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.  
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.

Буга чейин Ош шаарында ур-токмокко алынып каза болгон кримтоптун мүчөсүнүн өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн Акылбек Раимберди уулу менен Эламан Коргонбай уулу Чүйдө чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалганы маалымдалган.

Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыптап кылмыш дүйнөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын билдирген.

«13-январда түнкү саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды» деп жазылган милициянын маалыматында.

Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты