Ошто адам өлтүрүүгө шектелгендердин экөө кармалды

  • 1 год мурун

Ош шаарында ур-токмокко алынып каза болгон кримтоптун мүчөсүнүн өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн Акылбек Раимберди уулу менен Эламан Коргонбай уулу Чүйдө чек арадан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыптап кылмыш дүйнөсүндө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Андан сырткары кылмышка шектүү катары 1995-жылкы Акылбек Раимберди уулуна, 1995-жылкы Эламан Коргонбай уулуна жана 1998-жылкы Курсантбек Шакир уулуна издөө жарыяланган.

«13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды», — деп жазылган милициянын маалыматында.

Кийинчерээк Ош шаардык милициясы аталган иш боюнча 991-жылы туулган Нурбек Чубаков менен 1992-жылы туулган Актилек Автандил уулу дагы шектелип, издөөгө алынганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты