Ошто кримтоптун мүчөсүнүн өлүмүнө шектелип «Женго» кармалды. Дагы үчөө изделүүдө

  • 1 год мурун
Ошто кримтоптун мүчөсүнүн өлүмүнө шектелип «Женго» кармалды. Дагы үчөө изделүүдө

Ош шаарында киши колдуу болгон кримтоптун мүчөсүнүн өлүмүнө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Дагы үч адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн, 13-январь күнү саат 01:15тер чамасында Курманжан Датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза болгон, экинчиси реанимацияга жеткирилген.

Каза болгон жаран Баткен облусунун 30 жаштагы тургуну, ал эми ооруканага жеткирилген жабырланучу Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 16-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон.

Издөө иштеринин натыйжасында өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Дагы үч киши кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар деп изделүүдө. Алар — Өзгөн районунун 28 жаштагы тургуну Акылбек Раимберди уулу, Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эламан Коргонбай уулу жана Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын 25 жаштагы тургуну Курсантбек Шакир уулу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты