Орусиянын Ульяновск облусунан чыккан атайын борт Кыргызстанга конду
- 2 года мурун
Бүгүн, 23-августта, Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан.
“ЖҮК-200” атайын борту Кыргызстанга саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортко конду.
Учурда кыргызстандык жарандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.
Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Президенттин жарлыгы чыкты.
Жол кырсыгынан каза тапкандардын тизмеси бул шилтемеде.
Сүрөт: ӨКМ