Бүгүн  улуттук аза күтүү күнү жеп жарыяланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгы чыкты.

“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.

Ошондон улам жарлыкта айтылгандай: 

Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок        иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты