Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды
- 10 ай мурун
- Баяндар
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады.
Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта.
Каза болгондор:
Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбахор айылы.
2 Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван району, Гүлбахор айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.
Жалал-Абад облусу:
1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич — 24.04.2000, Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы.
2. Мусабаева Элнура Турганбаевна — 01.11.1980, Жалал-Абад шаары.
3. Ормонбек кызы Алина — 22.01.1995, Таш-Көмүр шаары.
4. Турсуналы уулу Адилет — 05.10.1999, Аксы району, Үч-Коргон айылы.
5. Каныбек уулу Азиз — 13.01.1976, Сузак району, Жыгач-Коргон айылы.
Баткен облусу:
1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы — 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек — 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович — 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Арыстанбек уулу Нуртилек — 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы.
5. Ирисбаев Алмазбек – 11.07.1978, Кадамжайский район
Ооруканада жаткандар:
1. Алибаева Айгүл — 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык — 18.06.2001, Баткен району, Согмент
3. Абдусалим уулу Таалайбек — 13.11.1993, Ош облусу., Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканадагы үч жарандын экөө жалпы палатага которулганын, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.
21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирген. 23-августта аза күтүү күнү жеп жарыялаган жарлык чыкты.
Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келинет.
Сүрөт: Reuters