Орусиялык көз карандысыз журналисттер кыргызстандык кесиптештери боюнча кайрылуу кылды

  • 3 месяца мурун

Орусиялык көз карандысыз журналисттер кыргызстандык кесиптештерин куугунтуктоону токтотууну талап кылып кайрылуу жаcашты.

50гө жакын эркин медиа менен журналисттердин кайрылуусунда соңку жылдары Кыргызстанда журналисттик иликтөөнүн күчтүү мектеби пайда болгону, өлкөдө бир нече заманбап жана көз карандысыз медиа долбоорлор иштеп жатканы айтылат.

Ошондой эле алар жасаган иликтөөлөр кыргыз коомчулугунда кенен талкууга алынып, саясатчылар жана коомдук ишмерлер реакция кылып жатканы белгиленген. Кыргызстандын бийлиги жарандык коомго жана журналисттик иликтөө менен алектенгендерге кысым кылып жатканы айтылат.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

«Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынан, бардыгы болуп 11 кызматкерди милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ «Айт Айт Десе» жана «Temirov Live» баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» беренесинин үчүнчү бөлүгү «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникаларын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, ким эмнени кааласа айта аларын кайталап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты