Ульяновскдогу кырсыкта каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын учак уюштурулууда

  • 2 года мурун

Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн атайын учакты уюштуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Бул иштерди президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн Тышкы иштер, Транспорт жана коммуникациялар жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери уюштурат.

Расмий маалыматка караганда, соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, кырсыкта мерт болгондордун тек-жайы такталып, Орусиянын тергөө органдарынан маркумдардын сөөгүн алып чыгууга уруксат алынгандан кийин атайын рейс Ульяновск шаарына жөнөйт.

Элчилик тараткан маалыматка караганда, ушул тапта консулдук кызматкерлери окуя болгон жерде жүрүшөт. Алар кырсыкта жараат алып, ооруканада жаткан үч жарандан кабар алышты.

«Алардын абалы оң динамика менен туруктуу оор деп бааланып, керектүү дары-дармектер менен толук камсыз болгон», — деп айтылат маалыматта.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылды.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу унаасын токтото албай калып четте токтоп турган автобусту сүзгөн. Автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда калган.

Президент Садыр Жапаров кырсыкка байланыштуу кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты