Бишкекте автобус айдоочу алты унааны сүзүп алган  

Бишкек шаарынын жол кайгуул кызматынын башкармалыгы билдиргендей, 15-октябрда болжол менен саат 20:30 да Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде бир нече унаа катышкан жол кырсыгы катталган.

№38 каттамдагы автобустун  1985-жылы туулган  З.И.Н. аттуу айдоочусу «Киа K5», «БМВ X5», «Чанган», «Киа K7», «Тойота Камри» жана «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү 6 машинаны сүзгөн.

Жол кырсыгынан төрт киши жабыркап, алар медициналык жардам алууга кайрылышкан.  

Милициянын жол кайгуул кызматынын башкармалыгынын маалыматы боюнча коомдук транспорттун айдоочусу мас абалда болгону болжолдонууда.    

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты