Уляновсктогу кырсык: Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

«Суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылды, алардын абалы дагы оор.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу унаасын токтото албай калып четте токтоп турган автобусту сүзгөн. Автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда калган.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашада каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты