Орусия-Украина сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду аяктады

  • 2 года мурун

Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду аяктады. Бул тууралуу БелТА билдирди.

Андагы маалымат боюнча, Украина Президентинин офисинин кеңешчиси Михаил Подоляк алар күткөн жыйынтыкка келе алышпаганын белгиледи.   

Алдыда сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду болору айтылды.

Орусия менен Украина гуманитардык бир катар маселеде (азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү), анын ичинде гуманитардык коридор берүү үчүн согушууну убактылуу токтотуу мүмкүндүгү тууралуу келишимге жетишти.  

Беларустун Брест облусунда Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болду.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын биринчи сүйлөшүүсү 28-февралда өткөн.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Сүрөт: БелТА

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты