Кыргызстан-Россия: Кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды    

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Кыргызстанга иш сапар менен келген Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин да талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз бекем негизге жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Россия Федерациясы менен жетишилген өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине биз чоң маани беребиз жана мындан ары да практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттенип жатабыз” деди мамлекет башчы.

Аймактар аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле билим берүү жана орус тилин колдоо жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Владимир Путин кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери достук, өз ара сый-урмат жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу салттарынын негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду.

“Биз Сиз менен эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жеке көзөмөлүбүздө кармап, мындан ары да өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүү ниетиндебиз” деди Россиянын президенти.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты