Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду жүрүп жатат

Беларустун Брест облусунда Орусия менен Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду жүрүп жатат.

Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Сүйлөшүү алдында делегация курамы бири-бири менен кол алышып көрүштү.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын биринчи сүйлөшүүсү 28-февралда өткөн.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597си жаракат алганын 2-мартта моюнга алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты