Орозайым Нарматовага дагы бир кылмыш иши козголгону белгилүү болду  

Бүгүн, 9-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  парламенттин экс-депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралууда.  

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча ишке байланыштуу “жапырт баш-аламандык уюштурууга даярдык” беренеси боюнча камалган.

Ошондой эле Нарматовага 14-ноябрда кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен айып угузулганы белгилүү болду.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова Бишкекке алынып келинген.

Биринчи Май райондук сот Орозайым Нарматованы 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты