Экс-депутат, активист Орозайым Нарматова кармалды

  • 2 года мурун

Экс-депутат, активист Орозайым Нарматованын жакындары анын Москва шаарынан кармалганын билдиришти.

Ал эми ИИМ жана тиешелүү органдар азырынча маалымат бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды.

Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн.

Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

«Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек» деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты