Орозайым Нарматова эки айга камакка алынды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

Орозайым Нарматова 22-октярбда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты