Орхан Инандыны камакта кармоо мөөнөтү узартылды

  • 2 года мурун

Кечээ, 23-ноябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын соту өттү. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Оппозициячыл «Жумхуриет» басылмасы билдиргендей, Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Айыпталуучу соттук отурумга Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз менен катышкан.

«Мен катуу басым алдында көрсөтмө бергем. Өзүмдү толук коргой алган жокмун, анткени мен катуу депрессияга түшүп, колум сынган болчу. Кошумча убакыт сурайм», — деп айткан Инанды сотто.

Сотто ал 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүш аракетине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын тиешеси бар экенине ишенбей турганын билдирген.

Сотто көрсөтмө берген беш түркиялык күбө Инандыны Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин мүдүрү катары тааныганын айтып беришкен.

Сот Инандыны камакта калтыруу боюнча чечим чыгарып, анын коргонууга даярдануу үчүн убакыт сураганын эске алуу менен отурумду 3-февралга жылдырды.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 31-майдын түнүндө жоголгон.  5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкара прокуратурасы айыпталуучуну 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ага «Куралдуу террористтик уюмду уюштурган жана башкарган» деген айып тагылууда.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты