Оператор Калыс Ашырбаев 15 күнгө камакка алынды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оператор Калыс Ашырбаевдин бөгөт чарасы каралды. Калыс Ашырбаев 15 күнгө, 20-ноябрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан «МИР 24 kg» порталынын башкы директору Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү сааат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес. Бул ишке байланыштуу ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган.

«Опузалап акча талап кылууга» шек саналып кармалган Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн «эч жакка кетпөө» тууралуу токтомунун негизинде бошотулган. Учурда Сатыбалдиева республикалык ооруканада дарыланып жатат.

Оператор Калыс Ашырбаев убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Сүрөт: Соуталдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты